Алты миң беш жүз жоогазын тепсендиде калды

22-Март 2017, Шаршемби

Кечээ, 21-мартта Бишкек шаарындагы борбордук “Ала-Тоо” аянтында “Нооруз” майрамын майрамдоо учурунда 165 квадрат метр жерге өстүрүлгөн 6 миң 500 жоогазын тепселенип калган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, жалпысынан Курманжан Датканын эстелигинин айланасындагы 20 квадрат метр жердеги, галереянын айланасындагы 70 квадрат метр жердеги, андан тышкары Чүй проспектисиндеги 75 квадраттык метр жерде өстүрүлгөн жоогазын тепселенген.

“Бишкек мэриясы шаардын жашоочуларынан гүлдөргө жана өсүмдүктөргө этияттык менен мамиле кылууну өтүнөт”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, муниципалдык кызматтын кызматкерлери март айынын башында борбордогу клумбаларында баары болуп 120 миң жоогазын тигишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!