29-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурлауу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абаны температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Таласта түнкүсүн : -3…+2, күндүз +7…+12;
Ошто түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13;
Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 0…+2, күндүз +11…+13.