1-декабрда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 18-23 метрге жетет.
Абаны температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;
Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;
Ошто түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5;
Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5;
Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;
Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн 15-20 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -8…-10, күндүз -3…-5.