“Үрөөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзамдын келечеги бүдөмүк болуудабы?

“Үрөөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзамдын келечеги бүдөмүк болуудабы?
6-Дек. 2018, Бейшемби, 20:13

Жогорку Кеңештин жыйынында “Үрөөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда талкууланып, добуш берүүгө жиберилди. Аталган мыйзам долбоору 3-октябрда парламенттин 1-окуусунда каралган. Анда депутаттардын айрымдары сунушталып жаткан мыйзам долбоору чийки мыйзам экенин айтып, мыйзамда жоопкерчилик, механизмдер, жеңилдиктер да каралышы керектигин жана үрөөндүн сапатын аныктоодо чоң коррупциялык риск да бар экенин айтышкан. Депутаттар экинчи окууда аталган мыйзам долбоорунда механизмдер так жазылыш керектигин белгилешип, мыйзам долбоорун 1-окууда добуш берүүгө жиберишкен болчу.

Жогорку Кеңештин бул жолку жыйынында банядамачы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров аталган мыйзам долбоорун 2-окууга даярдоодо долбоорго депутат Узакбаевден жазуу түрүндө сунуш келип түшкөнүн жана мыйзамды талкуулонун жүрүшүндө депутаттардан редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизилип, сунуштар комитет тарабынан эске алынганын айтты.

Ошондой эле ал комитет тарабынан бул мыйзам долбоору жактырылганын жана жалпы депутаттарды сунушталып жаткан бул мыйзамды колдоого алууга чакырды.

Баяндамачынын айтымында, аталган мыйзам долбоору үрөөн чарбаларды колдоо максатында иштелип чыккан.

Депутат Бактыбек Райымкулов өлкөдө 100дөн ашык үрөөн чарба бар экенин айтып аларга кантип каражат бөлүнүп берилерине кызыкты.

Эл өкүлүнүн суроосу боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев дотацияга кирип жаткандан кийин элге берилип жаткан үрөөн көзөмөлдөнөрүн айтты.

«Бүгүнкү күндө талапка жооп бербеген үрөн чарбалар да бар. Бирок, биз барыдыгын инвентаризация кылып, кайрадан аттестациядан өткөрүп жатабыз. Асыл тукум мал чарбасы менен үрөөн чарбалар критерий менен аттестациядан өткөрүлгөндөн кийин сертифкатталган үрөөндүн 30 пайызын дотация кылып беребиз. Сертифкатталган сапатуу супер элита, элита алып келип биринчи же экинчи репродукция кылып туруп, элге сатууга даярдаш керек. Ал эми дотацияга киргизип жаткандан кийин көзөмөл болот»,- дейт Мурашев.

Ал эми дагы бир депутат Тариел Жоробеков өлкөдөгү үрөөн чарбаларда өндүрүлгөн үрөөн өлкө аймагында айдалып жаткан айдоо аянтынын 7,4 пайызын гана камсыздарын, калган 92,6 пайызын жеке чарбалык субъектилер тарабынан камсыздаларын айтып, жеке чарбалардын өндүргөн үрөөндөрүнүн сапаты начар экендигин белгиледи.

Мындан улам министр Нурбек Мурашев мына ушул себептен улам элди сапаттуу үрөөн менен камсыздоо үчүн аталган мыйзам долбоору сунушталып жаткандыгын жана сапаттуу деп тандалган үрөөн сорту 30 пайызга арзандатылып дыйкандарга берилерин айтты.

Ошондой эле министр мыйзам кабыл алынгандан кийин жыл жайын этап-этабы менен айыл чарба өмүсдүктөрүнүн башка үрөөндөрүнө да дотация берилерин, ал үчүн өлкө казынасынан 100 млн сомго чейин акча караларын кошумчалады.

Депутат Сайдулла Нышанов сунушталып жаткан мыйзам жакшы экенин, аны колдоп бериш керектигин айтуу менен бирге эле алардын айткан сөздөрүнө ынанбай турган жер да бар экенин жашырган жок.

«Бизде үрөөн жок, болсо да ал чыкпайт. Биз дыйканды күйгүзүп жатабыз. Эгер карала турган каражатка үрөөн чарбалырын үрөөндөрү жакшы болуп, түшүм жакшы болсо жакшыго. А болбой калса ким жоопкерчилик алат. Бул маселени чечиш керек»,- деди ал.

Кесиптешине улай эле депутат Зиядин Жамалдинов каражаттын мал чарбачылыгына да бөлүш керектигин, айрыкча эт жана сүт багытына да көңүл буруу керектигине токтолду. Ошондой эле үрөөн чарбасына карала турган каражат «кол ирисине тартат» болуп тааныштарга гана берилбей, айтылып жаткан критерийлерге жооп берген гана чарбаларга берилип, эртең талап болушу керектигин баса белгиледи ал.

Ал эми ЖКнын дагы бир депутаты Кубанычбек Нурматов эгилген үрөөндүн түшүмү кээ бир учурда жакшы кээ бир учурда жакшы болбой калып жатканын айтып, ал эккен эгинди камсыздандырууну сунуштады. Ал бул боюнча Кытай мамлекеттин мисал келтирди.

Депутат Кенжебек Бокоев бир облуста 70 миң гектар жерге эгилип жаткан төө буурчак эмне себептен сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда сөз болбогонун сурады.

Министр Нурбек Мурашев мыйзамда мисал гана келтирилгенин, негизи бул жылы буудайдын үрөөнүнө басым жасалганын, кийинки жылдары башка айыл чарба өсүмдүктөрдүн үрөөндөрүнө көңүл бурула турганындыгы менен түшүндүрдү.

Министрдин жообуна канааттанбаган депутат Бокоев мыйзамда мисал келтирилбестен так жазыларын жана мыйзамда жазылбагандан кийин дотация берилбестигин айтты. Ошондой эле ал сунушталган мыйзамдын 6-беренсинин 1-пунктуна токтолуп, Конституциянын талабы ылайык мыйзамдын аткарылышы боюнча мамлекеттик контрол бул Жогорку Кеңештин гана ыйгарым укугу экенин жана Айыл-чараба министрлиги мыйзамдын аткарылышын мамлекеттик контролдо кыла албастыгын белгилеп, сунушталып жаткан мыйзамды артка 2-окуунун режимине кайтаруу кертигин айтты.

Бирок, жыйында үрөөн чарбасын дотациялоо менен айыл чарбасында бир аз болсо дагы алдыга кадам болуп жаткандыгын айткан депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Айта кетсек, талкуу маалында республика аймагында жалпысы 109 үрөн чарбасы, алардын 31519 гектар жалпы айдоо аянты бар экендиги белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!