20-апрель: Кыргызстанда күн ачык болот

20-апрель: Кыргызстанда күн ачык болот
20-Апр. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 20-апрелде түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жок. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +21...+26;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +14...+19;

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +15...+20;

Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +8…+10, күндүз +25…+27 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!