​26-декабрь: айрым жерлерде кар жаайт

​26-декабрь: айрым жерлерде кар жаайт
25-Дек. 2018, Шейшемби, 15:34

26-декабрда кээ бир райондордо кар жаайт. Бул тууралуу кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -1…+4,

Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз -1…+4,

Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз 1…6,

Ошто түнкүсүн -2...-4, күндүз 5…7,

Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3,

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 2…4 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!