Мээрим Есенбекова: “Кытай элинин эмгекчилдиги абдан жакты”

Мээрим Есенбекова: “Кытай элинин эмгекчилдиги абдан жакты”
14-Янв. 2019, Дүйшөмбү, 15:24
Кытай тили бул биздин ааламдагы өзгөчө, кызыктуу тарыхы бар тил десек болот жана көптөгөн студенттер тилди жакшы өздөштүрүп кетүү максатында Кытайга барышат. Кытай тили канчалык оор көрүнгөнү менен, тескерисинче тилди үйрөнөбүз деп кызыккандардын саны күн санап өсүүдө. Дал ошондой чет өлкөдөн билим алсам деген максатын ишке ашырып, кантип Кытайда окуп калганын Мээрим Есенбекова zaman.kg сайтына айтып берди.

-Мээрим алгач өзүң жөнүндө кыскача тааныштырып кетсең? Кытайга окууга барууңа эмне түрткү берди?

-Мен 1998-жылы Кемин районуна караштуу Орловка шаарчасында төрөлгөм, беш бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энем Орловка шаарчасында турушат. Азыркы учурда мен Кытайдын Фучжоу шаарында (福州职业技术学院)Политехникалык колледжде окуйм.

Биздин университетке “edugrant.kg” тилдик курсунан келип 1 жылдык тилди терең үйрөтүү курсуна жиберишерин айтып калышты. Бизге болгон талаптарын айтып, негизгиси тилдин канчалык деңгээлде билет экенин көргөзгөн 3 HSK сертификаты болуш керек экендигин айтышты. Жыйынтыгында Кыргызстандан жыйырмага жакын студент кеттик.

-Кытай мамлекети, эли тууралуу айта кетсең жана бул өлкө кандай өзгөчөлүктөрү менен сени таасирлентти?

-Кытай негизинен толугу менен электрондук өлкөгө айланган. Баардык коомдук жайларда электрондук түрдө акча төлөнөт. Кытайлардын өзүнчө колдонгон "WeChat" тиркемеси бар, ушул тиркеменин жардамы менен акча төлөшөт. Көптөгөн көчөлөрдө жолдун боюнда велосипед, мотоциклдар токтолуп турганын көрсө болот. Аларды "WeChat"тын жардамы менен төлөп коюп, колдоно берсе болот. Кытай мамлекетинен алган биринчи таасир алардын тамекини көп чеккени менен эсте калат десем болот. Бирок кыздары чылым чекпейт. Кытайлардын көп экендигине карабастан шаар таза болуп турат. Көчөлөрдөн таштандыларды көрбөйсүң. Шаар коопсуз бирөөнүн буюмуна эч ким тийбейт. Сен менен эч кимдин иши жок, ар ким өзүнүн жумушу менен алек. Бул өлкөдө тартип өтө катуу болгондуктан мыйзамды аябай карманышат экен. Ушул себептерден да улам көчөлөрүнөн коркпой, эркин баса аласың.

Менин оюмча чет элдиктерди кытайлар жакшы көрүшөт, ошондуктан ал жакта бизге мүмкүнчүлүктөр көп түзүлгөн. Кытайда мугалим кесиби өзгөчө бааланат жана мугалимдердин маянасы көп, өзгөчө илимдин докторлору көп табышат. Ал жакта илимдин доктору наамын алыш оңой. Себеби магистратураны окуп бүтөөрү менен доктордук диссертация жаза баштаса болот. Кытай өзүнүн эли үчүн ушунчалык баардыгын ыңгайлуу шартта жасап берген десем жаңылышпайм. Жалпысынан кытайлар сыйчыл жана эмгекчил, меймандос жана абдан сабырдуу келишет. Алардын бир кемчилиги өтө катуу сүйлөшөт жана тамекини көп чегишет. Жалпысынан алганда мага кытай элинин эмгекчилдиги абдан жакты. Бала кезинен эле билим алганга умтулуп турушат экен.

Фучжоу шаарында (福州职业技术学院) Политехникалык колледж

-Студенттик ашканага көнүп калсаң керек. Кытай ашканасынын өзгөчөлүктөрү кандай экен?

-Кытайдын ашканасы жөнүндө айтсам түштүк жакта болгонума байланыштуу тамактары өтө ачуу болгон жок. Студенттик ашканада тамактары өтө деле кымбат эмес, жана порциялары абдан чоң болот. Магазиндеринен колбаса менен сырды эч таба албайсың,бирок сосискалар бар.Кытайлар өзүнөн чыккан продукцияны аябай баалап,колдоп турушат. Себеби баардык магазиндеринде бизге салыштырмалуу башка өлкөдөн чыккан продукцияны эч көрбөйсүң. Мүмкүн болушунча өзүнөн чыккан продукцияны колдонушат жана товарларынын, продукциясынын сапаттары жогору.

-Окуу методикасы Кыргызстандан эмнеси менен айырмаланат?

-Эртең мененки 8:00дөн кечки 9:00гө чейин окуган күндөр болот. Бул күндөру түшкү тамактан кийин 1-2 саат эс алып анан кайра окууну улантабыз. Билим берүүсүн биздикине эле окшош десем болот, болгону бул жакта бүт технология менен. Сабактарга аябай маани беришет, жана биз башка өлкөдөн келгенибизге байланыштуу кытай тилин башка сабактарга караганда көбүрөөк басым жасап үйрөтүшөт. Биз студенттик жатаканада жаткандыктан ал жакка кечке маал эле уктаганы барып калабыз. Биз чет жерден келген студенттерге арналган жатаканада жашайбыз. Кытайдын түштүк жагында болгонубузга байланыштуу бул жакта кар жаабайт, бирок суук эле болот, анан жатаканаларында жылытуу жок.Тамакты студенттерге арналган ашканадан жейбиз, негизги тамагы күрүч болот жана кошумча жемиштерден же эттен коштурсаң болот. Жана мусулман студенттерине дагы арналган өзүнчө студенттик ашкана бар.


-Кытайга барган кезде кандай кыйынчылыктарга туш болдуң?

-Өтө деле кыйналдым деп айта албайм. Ата-энеңди, бир туугандарыңды, досторуңду сагынып кичине кыйналасың.Тамагына көнгөнчө кичине кыйынчылыктар болот, көнүп кеткенден кийин кыйналбай деле каласың. Келген студенттердин баардыгы эле климатынан бир аз кыйналбаса калганынын баары эле жакшы.

-Билим алууга барам деген жаштарга кандай кеңеш берет элең?

-Кытайга келип окуу үчүн азыр мүмкүнчүлүктөр көп. Бирок бул тилди канчалык деңгээлде билериңди далилдеген HSK тестин сөзсүз түрдө тапшырып туруш керек. Мен өзүм терең маалыматты Кытай элчилигиндеги маалыматтардан кабардар болуп турган оң деп эсептейм.

Чоң рахмат. Ийгилик!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!