Сокулук: таштандыдан тажагандар

1-Июнь 2017, Бейшемби

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Крупская айыл аймагындагы 6 гектар жерди ээлеген таштанды таштоочу жайды жабуу мүмкүн болбой жатат. Ал жерди мындан 3 жыл мурда жабуу тууралуу эскертүүлөр берилген. Ага карабастан таштанды төгүлүп, аянты кеңейип, айыл тургундарына кедергисин тийгизүүдө.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Сокулук району боюнча улук инспектору, эколог Шырдакбек Жусупбеков айтымында, таштанды таштоочу жайдын мөөнөтү эчак эле аяктаган. Ага карабастан Сокулук районунун төрт айыл өкмөтү таштанды төгүп жатат.

“Таштанды таштоочу жайды 3 жылдан бери жаба албай жатабыз. Жылына райондук коммуналдык чарбанын жетекчилигине 15 миң сомдон айып салып келебиз. Алар айып пулун төлөп коюп, таштанды тайштай беришет. Биз аларга андан башка чара көрө албайбыз. Буларга канча жолу эскертүү бергенбиз. Акимиятка дагы башка жерден караштырып берүү тууралуу кайрылуу жолдогонбуз. Алар көчүрүү боюнча иштерди көрүп жатканы менен, бул жактан таштанды ташталып жатат. Таштанды жайдын аянты 6 гектар. Андан дагы жайылып кетти. Бир жерин жапсак, башка жагына төгүп жатышат. Бул жайдын иштеп келгенине 50 жыл болду. Эреже боюнча таштанды таштоочу жай калк жашаган аймактан 1 чакырым алыстыкта болушу зарыл. Бул жактан болсо 150 метрди гана түзүп, жергиликтүү тургундар нааразы болууда”,-деди Жусупбеков.

“Жергиликтүү тургундар 2 күндө бир даттанып турушат”

Сокулук районунун Коммуналдык чарба кызматынын башчысы Орунбай Омоконов белгилегендей, таштанды таштоочу жайына күнүнө 15-20 тонна таштанды ташталат.

«Бул кызматта иштегениме 1 жылдан ашты. Таштанды таштоочу жай 1960-жылдан бери иштеп келе жатат. Бул жерге райондун төрт айыл өкмөтүнүн таштандыларды бул жака ташташат. Алар Сокулук, Крупская, Шопоков шаарыларынан келген таштанды күнүнө 15-20 тонна таштанды төгүлөт. Мындан башка таштанды таштоочу жай бөлүп берүү тууралуу акимге кайрылып келдик. Ал жактан ар бир айыл өкмөт өзүнүн аймагына таштанды таштоочу жай табуу тууралуу тапшырма берилген. Азыр анын үстүндө айыл өкмөт башчылары иштөөдө. Жергиликтүү тургундар 2 күн сайын бизге келишип, таштандынын жытына чыдабай бизге даттанып жатышат. Бул айыл өкмөттүк деңгээлде чечилген маселел болгондуктан алар чечиши керек»,-деди ал.

“Жагымсыз жыт айылды каптап, дем алууга мүмкүн болбой калат”

Сокулук айыл өкмөтүнүн тургуну Алманбек Молдалиев таштанды ташоочу жай боюна тийиштүү мекмелерге бир нече ирет кайрылышкан. Бирок, эч кандай чара көрүлбөй, кайра эле таштанды ташталып, анын жыты үйдү каптап жатканын айтат.

“Таштанды жай биздин үйдөн 150 метр аралык алыстыкта жайгашкан. Биз бул жерде турганыбызга 30 жыл болду. Таштандыдан кутула албай койдук. Бул жайды көчүрүү боюнча кайрылбаган жер калган жок. Күн ысыган сайын жагымсыз жыт чыгып, дем алууга мүмкүн болбой калат. Чымын, чиркейлердин көптүгүн айтпагыла. Жайында эшиктин алдына отура албайбыз. Өрттөшкөн учурда анын иси үйдү капта кирет. Комуналдык чарба кызматына канча жолу кайрылдык. Алар чече албай жатат. Балдарыбыздын келечегинен, ден соолугунан кооптонуп жатабыз. Алар үйдүн айланасынан ал жака жолотпой жатабыз”, - деди айыл тургуну.

“Башка жактан таштанды таштоочу жай караштыруудабыз”

Ал эми Крупская айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңишбек Эдигеев таштанды таштоочу жайда кайра иштетүү ишкана ачылаарын, жаңы таштанды таштоочу жай караштырып жатканын кошумчалады.

“Айыл өкмөтү болуп иштегениме 2 айдын жүзү болду. Азыркы таштанды жайын жаап, башка жактан бардык талапка жооп берген жайды издеп жатабыз. Өткөн жумада бизге чет өлкөлүк инвесторлор келип кетишти. Алар 1 млн. Еврого чейин салым кошуп, чымын, чиркейлер жолобой тургандай заманбап аппараттарды коебуз дешти. Алар таштандыны кайра иштетип, дизел майын чыгарып, дыйкандарга сатып, 150 киши жумуш менен камсыз болуп, айылдын жолун оңдоп беребиз дешти. Бирок ошол эле учурда алардын талабына жооп бере албаган жагдайлар бар. Алар 10 гектар жер болушун көздөп жатат. Биздин таштанды аянты 6 гектар гана болуп бизге тар болуп жатат дешүүдө”,-деди айыл өкмөт башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!