Россиядагы айдоочулардын жагдайын ЕЭК карайт

9-Июнь 2017, Жума

Россияда Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн колдонулуу мөөнөттөрүн узартуу маселеси Евразия экономикалык Кеңешинин (ЕЭК) жыйынында каралат.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 1-июнунан баштап Россияда эл аралык айдоочулук күбөлүгү менен унаа айдоого тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.

Мыйзамга ылайык, көрсөтүлгөн күндөн баштап жүргүнчүлөрдү жана жүк ташыган юридикалык жактарга таандык маршруттук транспорттордо иштеген айдоочулардан РОссиянын айдоочулук күбөлүгү талап кылына баштайт.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 31-мартында Евразия экономикалык коллегиясынын коллегия мүчөсү Карине Минасяндын атына ЕЭК Кеңешинин жыйынында аталган маселени козгоо өтүнүчү менен кайрылган.

Мындан сырткары өкмөт орус өкмөтү менен түзүлгөн жагдайды чечүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча Россияда иштеген кыргыз жарандарынын 10-15 пайызы айдоочулук менен алектенет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!