“Кең-Булуң” өткөрүү пункту ишке берилди

9-Июнь 2017, Жума

Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Кең-Булун-автодорожный» модернизацияланган көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилди. Көзөмөл-өткөрүү пункту суткасына 700 автоунааны жана 5000 жаранды өткөрүүгө ылайыкталган.

Анын ачылыш аземине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жээнбеков өкмөттүн ишмердүүлүгүндө мамлекеттик чек араны бекемдөө, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялап, материалдык-техникалык жактан жаңыртуу жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргызстандын ЕАЭБ интеграциясынын алкагында негизги иш багыттарынын бири болуп саналарын билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Данияр Сатимов, чек араны кесип өткөн жарандар жана чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн максималдуу шарттар түзүлгөнүн билдирди. Мыйзам бузуулар жана туристердин укугун бузуу фактыларына жол бербөө максатында пункт толугу менен видео байкоодо турат. Аны менен бирге жарандардын убактысын албай паспорттук текшерүүлөрдү тездетүү үчүн атайын кошумча бөлмөлөр курулган.

Чек араны кесип өткөн жарандар үчүн эл аралык деңгээлде жагымдуу шарт түзүү максатында эки кабаттан турган көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагына жүргүнчүлөрдүн документтерин каттоо жана паспорттук текшерүү бөлүмдөрү бар.

Автоунааларды текшерүү үчүн чоң үстү жабылган сарай курулган. Мындан сырткары модернизациялоо маалында жеңил унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өзүнчө катар эске алынган.

«Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту 2003-жылдан бери түнү-күнү, токтоосуз мөөнөттө иштеп келе жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!