Куткаруучулар белгисиз сөөктөрдү табышты

9-Июнь 2017, Жума

Жоголгон адамды издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Аламдүн районунун Озерный айылындагы көлдөрдүн биринен белгисиз сөөктөрдү табышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, табылган сөөктөр адамдыкы же малдыкы экендигин тактоо үчүн милиция кызматкерлерине экспертиза үчүн өткөрүлүп берилген.

Сөөктөрдү ӨКМдин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жогоруда аталган айылда 2015-жылдын 10-июнунда дайынсыз жоголгон 1979-жылы туулган А.Т. аттуу тургунду издөө учурунда табышкан

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!