15-ноябрь: жаандын аягы карга айланат

15-ноябрь: жаандын аягы карга айланат
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:42

Бүгүн, 15-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +4...+9;

Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз +4...+9;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...+5, күндүз +9...+14;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...-5, күндүз +3..+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз +2...+7;

Бишкек шаарында 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +6...+8 градус жылуу болот.

Ал эми 16-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаашы күтүлөт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!