Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө

Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө
18-Окт. 2019, Жума, 14:19

“Мамлекеттик ипотекалык компания” октябрь айынан баштап бюджетте иштеген кызматкерлерге гана эмес, баардык кыргызстандыктарга жеңилдетилген ипотека бере баштады. Мындай кадам “Жеткиликтүү турак жай” мамлекеттик программасынын жаңы багыты болуп саналарын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган насыяларын жылдык үстөгү 10 пайызды түзөт. Долбоорду каржылоо Германия өнүгүү банкы тарабынан (KfW) ишке ашууда.

“Октябрь айында Германия өнүгүү банкынын (KfW) линиясында каражаттарды колдонуу башталды. Кыргызстандын жарандарынын турак-жайын каржылоо боюнча өкмөттөр аралык келишимге ылайык, бул аракет өлкөнүн баардык аймагындагы жарандарды жылдык 10 пайыздык үстөгү менен насыялык каржылоого багытталат”,-деп белгилешти өкмөттөн.

Эскерте кетсек, ушул жылдын май айында “Мамлекеттик ипотекалык компания” Бишкекте жана Ошто “Жеткиликтүү турак жай” мамлекеттик программасынын жаңы багыты боюнча ипотека алууну каалоочулардын тизмесин түзүүнү баштаган. Анын негизинде баштапкы баскычта Бишкекте 140 , ал эми Ошто 60 ипотекалык насыя берилмекчи.

Ипотека алыш үчүн жергиликтүү бийлик органдарына-шаар мэриясына же район акимчиликтерине арыз менен кайрылсаңыз болот.Тиешелүү документтердин тизмеси http://gik.kg/ru/borrowers/Doc. сайтында жарыяланды.Суроолор боюнча +996 (312) 61-06-61, +996 (312) 61-06-77 телефондоруна кайрыла аласыз.

Сүрөт: tazabek.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт