Жайдын эң популярдуу джинсы кийимдери

 Жайдын эң популярдуу джинсы кийимдери
28-Июль 2018, Ишемби, 12:11

Американын “Vogue” басылмасы 2018-жылдын эң популярдуу эки джинсы кийимин атады. Алар мини-юбка жана ага контраст берип турган бермуда-чолок шымдары.

Бул кийимдерди күйөрмандар атактуулардан көп байкашкан. Мини-юбкачан модель Кендалл Дженнер, Джиджи Хадид жана анын кичүү сиңдиси Белладан бир нече жолу көрүшсө, узун чолок шымчан Пэрис Хилтон, Рианна жана Эмили Ратаковскийдин бул жайдагы сүйүктүү кийимине айланган.

“Vogue”нин берген маалыматы боюнча, бермудалардын эң көп ассортименти азыркы учурда “Topshop”, “MM6” жана “Levi’s”та, юбкалар — “Warp & Weft”, “DL1961” жана “Oak & Fort” брендеринен кездештирсе болот.

Июлда мода эксперттери 2018-жылдын жай айында бренддер менен атактуу адамдар арасында белгилүү болгон кийим түстөрүн атады. Алар топурак жана күрөң түстөр: бежевый, шоколад өңдүү, виски жана корица өңдөгү түстөр. Бул түстөр пляжда ачык түстөгү бикинилерди түртүп таштап, кийим чыгаруучулардын жаңы коллекцияларында көп кездештирүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!