Стилдүү көрүнүүнүн оңой жолу

Стилдүү көрүнүүнүн оңой жолу
9-Апр. 2019, Шейшемби, 11:50

Күнүмдүк жашоодо эң оңой жолдорду колдонуп сиз дагы стилдүү көрүнө аласыз. Ал учүн сизге төмөнкү кеңештер жардамга келет.

Стилдүү айымдардан кеңеш алыңыз

Стилдүү айымдардан кеңеш алуунун оңой жолу “Instagram” жана “Pinterest” тармактарын колдонуу болуп саналат.

Айрым аксессуарлар сизге жардамга келет

Айрым айымдар өзүнө жарашыктуу джинсы юбка менен футболканы кийип, стилдүү көрүнүшө алат. Ага сиз жарашыктуу сөйкө, сумка жана курду кошо тагынсаңыз көрк кошкон болосуз.

Белекке келген ленталарды колдонсоңуз болот

Сизге белекке келген ленталарды ар түрдүү кылып колдонсоңуз болот. Мисалга белиңизге же билегиңизге ороп алсаңыз болот.

Блейзер курткаларды колдонуңуз

Дагы да стилдүү көрүнгүңүз келсе, анда блейзер (куру бар) курткаларды колдонсоңуз болот.

Кичинекей стилдеги сумкаларды колдонуңуз

Бул жылы модада кичинекей сумкалар модада. Андыктан, стилдүү көрүнгүңүз келсе, анда бул түрдөгү сумкалар сизге жардамга келет.

Шиш такалуу бут кийимдер

Шиш такалуу бут кийимдер сиздин аксессуарыңыздан сөзсүз орун алышы шарт.

Таңкы ойготкучту эки саатка жылдырыңыз

Күнү бою жумушта же шаарда болобу стилдүү көрүнгүңүз келсе, анда эртең менен эрте турганды адатка айлантыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!