Этникалык стилдеги кийимдерди кандай кийген жакшы?

Этникалык стилдеги кийимдерди кандай кийген жакшы?
12-Июль 2019, Жума, 14:37

Ааламдашуу учурунда кийимдер франциялык жана финляндиялык кыздарды бирдей өңүттө, окшош кылганга ыктап жатат. Ал арада россиялык “Nahalate” брендинин түптөлүү тарыхы боюнча сөз кылмакчыбыз.

Дарья аттуу кыз “Nahalate” брендинин түптөөчүсү. Ал Орто Азияда төрөлүп, балалыгы чыгыш боёктору менен бирге өткөн. Башкача айтканда, анын чыгыш менталитетине болгон сүйүүсү күч.

Модалуу халаттарды тигүүгө өзбек элинин “Атлас” кездемелери сонун идеяга түрткү болгон. Аталган материалдыни түзүмү жибек жана пахтадан турат. Ал кездеме колдо жасалып, табигый боёктор колдонулгандыгы менен айырмаланат. Ал кездемеге түрдүү боёктор түшүрүлүп, өзүнүн уникалдуулугу менен айырмаланат.

Аны сиз шорта жана көйнөк менен дагы кийсеңиз болот. Модалуу халатты кийген адам жайкы маанайды тартуулап, сергек жүрмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!