Кадыр түн

Кадыр түн
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 15:59

Хадис-и шериф

Пайгамбарыбыз (САВ) мындай буюрган “Ким ишенип жана жообу Алладан келерине ишенип, Кадыр түндү ибадаттар менен өткөрсө күнөөлөрү кечирилет” деген (Бухари, Иман: 35; Тирмизи, Савм: 1) *Азирети Айше (Алла ага ыраазы болсун) “Алланын элчиси Кадыр түндү Рамазандын акыркы он күнүнөн издегиле дечү”.

Кадыр түн

Кадыр араб тилиндеги сөз. “Кадр” сөзүнүн араб тилинде бир нече мааниси бар. 1) “улуулук”, “ардак”, “кадыр”. Айрым окумуштуулар Лайлатуль-кадрдын (Кадыр түндүн) аталышында дал ушул маанилер жатат деп эсептешкен. Бул түн баалуулугунан улам Кадыр түн деп аталып калган.

Курани Керим бул түнү түшкөн

Бул түндөгү ибадат Кадыр түнү болбогон миң айдагы ибадаттардан өтөт. Кадыр түн жөнүндө Куранда Алла мындай дейт «Акыйкатта, Биз аны кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадыр түн — миң айдан да артыгыраак. Ал түндө Алланын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшүшөт.

Бул түн таң агарганча эсенчилик болот. Түрдүү жамандыктардан алыс болот. Жер жүзүнө түшкөн периштелер ар бир момунга салам берет.

Бул түндүн жашыруун болгонунун өзүнчө сыры бар. Пайгамбарыбыз (САВ) аны мурда билчү. Кийин унуттурулду. “Рамазан айынын кайсы күнү Кадыр түнгө туш келерин Алла Таала чектеп койгон. Пайгамбарыбыздын сүннөтүндө болжолдоп гана айтылат. Сөздөрүндө бул түндү жакшы өткөрүүнүн маанисине токтолгон Пайгамбарыбыз (САВ) “Кадыр түндө бир ирет Кадыр сүрөсүн окуу (башка убакта) Куран-и Керимди окугандан дагы сооптуу. Бул түнү намаз окуу, ибадат кылуу бир ай түнү ибадат кылгандан да баалуу” деген.

Пайгамбарыбыз (САВ) бул түн Орозонун акыркы он же жети күнүндөгү түндөрдөн (21, 23, 25, 27) бирөө болгонун айткан. Бирок 27-түнү болгонун белгилеген хадистерди аалымдар кабылдашкан. Ислам ааламы да буга көнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча  милдеттерди биргелешип чече алабыз
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча милдеттерди биргелешип чече алабыз
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту