Кааба тууралуу кыскача маалыматтар

Кааба тууралуу кыскача маалыматтар
20-Май 2019, Дүйшөмбү, 12:22

Кааба тууралуу кыскача маалыматтар

“Чындыгында, адамзат үчүн Меккеде алгач курулган Үй – бүткүл аалам үчүн ыйык жана Туура жол! Анда ачык белгилер жана Ибрахимдин орду бар. Кимде-ким ага кирсе – тынчтыкта болот. Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Аллах (ыраазычылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктѳлдү. Ким мындан жүз үйрүсѳ, чындыгында, Аллах – ааламдагыларга муктаж эмес!” (“Аалу Имран”сүрѳѳсү, 96-97 - аяттар).

Каабанын түзүлүшү

Кааба формасы боюнча, кубдук курулма болуп эсептелип, оор, кѳгүш-боз таштардан куралган. Анын бийиктиги 16 метрге жетет. Пайгамбардын (ага тынчтык болсун!) убагында анын бийиктиги, бир топ эле жапыз болгон. Ал тѳмѳнкү окуяга байланыштуу: Меккенин ачылыш күнүндѳ, пайгамбар (ага тынчтык болсун!) ийинине Али ибн Абу Талибди кѳтѳрүп, ал Каабанын чатырында жайгашкан буттарды (идол) алып, ыргыткан. Суу берилүүчү, түндүк дубалдын (хижр Исмаил) жана анын карама-каршысында турган түштүк жагынын узундугу он метр, он сантиметрге жетет. Ал эми эшик жайгашкан чыгыш бѳлүгүнүн жана батыш жагынын узундугу он эки метр. Каалга, жерден эки метр

бийиктикте жайгашкан. Кара таш чыгыш бурчта жайгаштырылып, кирип келе жаткан адамдын сол тарабында болот. Таш жерден бир жарым метр бийиктикте орун алган (тактап айтканда, айланып ѳтүүчү жердин деӊгээлинен). Каабаны айлануу (таваф) ырымында, зыяратчылар ташка колун тийгизүүгѳ же аны ѳбүүгѳ аракет кылышат. Алар Мухаммад пайгамбар (ага тынчтык болсун!) ажылык кылган учурда жасаган аракетине урмат-сый кѳрсѳтүү үчүн жасашат.

Кара таш (Хаджар аль-Асвад) аска ташка окшош, катуу массага (илимде анын келип чыгышы белгисиз) ээ. Кара таш абада калып турбайт. Каабанын бир бурчуна гана коюлган. Кара таш туура эмес овал калыбында болуп, ачык кызыл темгилдери бар, кара түстѳгү таш. Андан кызыл жана сары түстѳгү толкун сымал сызыктар даана байкалат. Анын диаметри отуз сантиметрди түзѳт.

Каабанын жабуусу

Белгилүү болгондой, Каабанын алгачкы жабуусун, Тубба (Йемен падышаларынын титулу) Абу Бакр Асад күмүш жиптер менен кооздолгон кездемеден жасаткан. Анын мураскерлери бул салтты улантышкан. Пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Каабаны йемен кездемелери менен жапкан. Бул салт кийин да уланып, ал жабуу арабча «кисва» деп аталат. Аббасиддердин халифи зыярат кылуу үчүн келгенде, анын бакылоочулары, жабуулардын кѳптүгүнѳн, бузулуу коркунучу жаралганын айтып, арызданышкан. Халиф аларды алып салуу боюнча буйрук берген. Ошондон тартып, жыл сайын эски жабууну алмаштырып, Ыйык Курандын аяттары саймаланып түшүрүлгѳн жабуу жабылат. Бул салт бүгүнкү күнгѳ чейин уланып келет. Ал эми Ыйык Курандын аяттары саймаланган «кисва» кездемесинин бѳлүктѳрү, Сауд Арабиянын падышасынын атынан, башка мамлекеттерге белек катары жиберилет. Анткени, падыша эки ыйык жайды (Мекке жана Медина) коргоочу титулуна ээ.

Каабанын ичинде эмне бар?

Каабанын ичинде фонарлар асылуу ъч търкък турат. Дубалдарында Курандагы аяттар жазылуу. Каабанын чатырына чыга турган алтын каалган бар.

Жылына эки ирет ичи тазаланат

Шабан жана Зулькаада айларында салтанаттан кийин Каабанын ичине киришет. Ошол мезгилден пайдаланып тазалап чыгышат. Зам зам суусу, Таиф розасынын суусу жана Уд майынын аралашмасы менен мамлекеттик кызматкерлер Каабанын дубалдарын съртъшщт.

Каабанын тегеретесинде айланган таваф эч токтобойт

Умра жана Ажылык зыяратына жана парз ибадаттары орундатылган Каабада намаз убактыларынан башка учурларда таваф эч токтобойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”