Нафил Орозо деген эмне?

Нафил Орозо деген эмне?
27-Май 2019, Дүйшөмбү, 10:31

Мусулмандардын парз кылынган ыйык Рамазан айындагы Орозодон тышкары кармала турчу Нафил (кошумча) орозолор да бар. Нафил Орозо күнөөлөрдүн кечирилишине жана чексиз сооп табууга өбөлгө болот. Биз дүйшөмбү жана бейшемби күнкү кармалчу Орозого токтолобуз.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Орозо кармаган. Ал эмнеге ушул күндөрү кармаганы тууралуу, сахабалардын бири Абу Хурайра баяндаган хадисте: Пайгамбарыбыз Мухаммед “Адамдардын жасаган амалдары Жаратканга дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жеткирилет. Менин амалдарым, мен Орозо кармап жатканда жеткирилишин каалайм”,- деген экен.

Сахаба Абу катаада аль-Ансари дүйшөмбү күнү кармала турчу Орозо тууралуу сураганда. Ал: “Бул күнү мен жарык дүйнөгө келгем жана дал ушул күнү мага алгачкы аян түшүрүлгөн”,- деп жооп берген.

Ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммед: “Дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Аллах урушуп кеткен эки адамдан башка бардык мусулмандын күнөөсүн кечирет. Ал эми урушуп кеткен адам тууралуу, “Ал экөө элдешкенче жөн койгула” деген экен. Нафил орозолор бир гана сооп таап күнөөлөрдүн кечирилишинде эмес, адамдын ден-соолугуна да олуттуу пайдасын тийгизет. Бул тууралуу хадисте: “Орозо кармагыла- ден соолукта болосуңар”,- деп айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Хабиб Нурмагомедов атындагы спорт клубу ачылат
Хабиб Нурмагомедов атындагы спорт клубу ачылат
Ошто токко урунган аскер кызматкери каза болду
Ошто токко урунган аскер кызматкери каза болду
Упчуну канча жашка чейин эмүү керек?
Упчуну канча жашка чейин эмүү керек?
Министр:
Министр: "Кесиптик билим берүүнү реформалоодо конкреттүү кадамдарга барабыз”
2019-жылы 5 миңден ашык киши алкоголго ууланды
2019-жылы 5 миңден ашык киши алкоголго ууланды
“Акнет
“Акнет" компаниясына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш аяктады
ЕАЭБдеги эң арзан электр энергия Кыргызстанда сатылат
ЕАЭБдеги эң арзан электр энергия Кыргызстанда сатылат
  2020-жылы Кыргызстан электр энергиясын экспортко чыгарбайт
2020-жылы Кыргызстан электр энергиясын экспортко чыгарбайт
Премьер-министр каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Премьер-министр каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Улуттук банк 20,7 млн доллар сатып, алтынчы интервенция жасады
Улуттук банк 20,7 млн доллар сатып, алтынчы интервенция жасады
Көмүрдүн баасы 1.7 пайызга арзандады
Көмүрдүн баасы 1.7 пайызга арзандады
«Джунда» заводунун бюджети 1.8 млн долларга толукталат
«Джунда» заводунун бюджети 1.8 млн долларга толукталат
Чүчкүрүүнүн пайдасы жана зыяны
Чүчкүрүүнүн пайдасы жана зыяны
Экономиканы жандандырууга 215 миллиард евро берилет
Экономиканы жандандырууга 215 миллиард евро берилет
​Криштиану Роналду «Реалдан» кеткенине өкүнүүдө
​Криштиану Роналду «Реалдан» кеткенине өкүнүүдө
Жээнбеков: Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө
Жээнбеков: Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө