Орозо айт

Орозо айт
29-Май 2019, Шаршемби, 10:03

Пайгамбарыбыз (САВ) мадинага көчүп келгенде, алардын эки майрамы бар экендигин көргөн. Бул майрам күндөрү түрдүү оюндар ойнолуп, мадиналыктар шаңга толоор эле. Бул абалды көргөн соң пайгамбарыбыз (САВ) “Алла Таала бул эки майрамдын ордуна андан жакшыларын-Орозо айт менен, Курман айт күндөрүн белгиледи”. Ошентип, пайгамбарыбыздын куттуу кылымынан бери, бүткүл ислам дүйнөсүндө, бир жылда эки жолу диний майрам өткөзүлүп келүүдө.

Мусулмандар бир ай бою саарлыкка турушту, саарлык азыктарын “бисмилла” менен баштап жешти. Таң атаарда Жаратканга жалбарып дуа кылышты. Күндүз болсо, Алланын ыраазычылыгы үчүн, ар кандай кыйынчылыктарга чыдап, ачка, суусап жүргөнгө сабыр кылышты. Алар денелерин да, рухтарын да машыктырды. Башкача айтканда курсактарын да, тили менен көңүлүн да толук башкарууменен отуз күндүк орозолорун ыклас менен бүтүрдү. Кулдуктун сыноосунан ийгиликтүү өтүштү.

Айт күндөрү боордоштук сезимдер күчөп, жылмаюу мээримине толгон күн болуп саналат. Бул күнү таарынычтар жазылат, достуктар чыңалып, колу-коңшулар бири-бирин жоктоп зияратташат. Ата-энелер сый-урматка бөлөнүп, ойлогон ой-максаттары, каалоолору орундалат.

Айылдагы кадыр барктуу улуулар, араздашкандарды кайра жараштыруу аракетин көрүшөт. Бул күнү кичинекей балдар да татына кийинишип, майрамдын көркүн ачышат. Жетимдер, кедейлер, кароосуз калган балдар, сөзсүз абалы суралып, кубаныч-шаттыкка бөлөнүшөт. Бир жетимдин бутуна кирген кичинекей тикенек алынса, Алла Таала ошол тикенектин себебинен, миңдеген жакшылык гүлдөрүн өндүрөөрүн жана ал иш кабырдагы жашоодо бакыт-таалайга жеткирээрин айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты