Адам төрөлгөндө бир дагы кал болбойт

Адам төрөлгөндө бир дагы кал болбойт
11-Май 2018, Жума, 13:04

Сиз калдын эмне экендигин ойлонуп көрдүңүзбү? Бул так жалпы жонунан эмнени билдирет? Аталган табышмактуу так жашообузда чоң роль аткарат.

Анын пайда болуу себеби эмнеде? Адам баласы төрөлгөн кезде денесинде эч кандай кал болбойт. Анын бардыгы бара-бара пайда болот. Бирөөлөрдүн денеси калга толгон болсо, экинчилеринде ал таптакыр аз болот.

Адамдын денесинде эң алгачкы кал балалык чагында пайда болот. Алардын көзгө көрүнбөгөндүгү ушунчалык, баланын ата-энелери көп маани беришпейт. Ал эми эрезеге жеткенде алар чоңоюп, саны да көбөйө баштайт. анын башкы себеби жыныстык жетилүү учурундагы гормондор болуп саналат. Картайган кезде калдын пайда болушу адамга ультра фиолет нурларынын таасиринен, организмдеги зат алмашуунун туура иштебегенинен да болот. Азыркы күндө дүйнө окумуштуулары бул маселеге байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!