Көздү техникалык каражаттан коргоонун алтын эрежелери

Көздү техникалык каражаттан коргоонун алтын эрежелери
4-Июль 2019, Бейшемби, 11:25

Технологиялык каражаттарды колдонуу күндөн-күнгө күч алып жаткан учур. Социалдык мамилелерден узакташтырган, адамдарды жалгыздыкка жетелеген, айлана-чөйрө жана табияттан алыстатканга себеп болгон дагы - технология. Буга утурлай көздүн ден соолугуна дагы терс зыян алып келүүдө.

Узак убакыт техникалык каражаттардын алдында олтурган адамдын көздөрүндө:

-Көздүн чарчоосу

-Көздүн тунарып жакшы көрбөй калуусу жана тамгалардын бири-бирине айкалышуусу

-Көздүн кургоосу, кызаруусу жана суулануусу

-Моюн жана омуртка оорулары

-Экран алдында көздү ачып кайра жабууда кыйынчылыкка дуушар болуу

-Көздүн ичинде кум кирип кеткен сыяктануу жана башка белгилер байкалат.

Төмөнкүлөрдөн оолак болуш үчүн кеңештер

-Көзүңүздөн жаш чыгып, кургап жатса, дароо дарыгерге кайрылып, ага керектүү тамчылатмаларды колдонуңуз

-Эгерде жашка байланыштуу көрүүңүз начарлап жатса, анда сөзсүз көз айнек тагыныңыз

-Компьютерден коргоочу көз айнектерди колдонуңуз

-Жумуш учурунда ар жыйырма мүнөт сайын көзүңүздү дем алдырып туруңуз. Ал үчүн көздү 60 метр узак убакыт аралыкка карап, көнүгүү жасоо керек

-Экранды өзүңүздөн 50 сантиметр узак кармаңыз

-Отурган отургучуңуз экранга ыңгайлуу болуусу шарт

-Телевизор, телефон же компьютер экрандарынын алдында узак отуруу, жаш балдар үчүн дагы абданкооптуу. Ата-энелер аларга толугу менен тыюу салгандан мурун, аз убакыттан отургузуп көндүрүү керек.

-

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!