Боорду жана ичеги-карынды тазалоочу суусундук

Боорду жана ичеги-карынды тазалоочу суусундук
20-Авг. 2019, Шейшемби, 10:56

Ичеги-карын адамдардагы абдан маанилүү рол аткарган органдардын катарын толуктайт. Анткени, анын функциясы организмдеги зыяндуу токсиндерди, шлактарды бөлүп чыгарат. Дал ошол токсиндер жана шлактар организмде топтолуп олтуруп, адамдарда туура эмес жашоо образы башталат. Ал улам көбөйүп отуруп, кийин канга өтөт.

Ошондуктан, биз сиздерге ичеги-карынды тазалоочу суусундукту сунуш кылабыз. Бул суусундук минералдарга, антиоксиданттарга жана витаминдерге бай.

Колдонулуучу азыктар

0,5 чай кашык алма уксусу

Эки чай кашык лайма

Бир чай кашык имбирдин согу

0,5 чай кашык деңиз тузу

0,5 стакан филтрленген суу

Даярдоо жолу

Сууну алгач кайнатып аласыз. Ал бираз муздаганда, ага деңиз тузун салып, эригенин күтөсүз. Андан соң алманын согун жана имбирди кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Даяр болгон суусундукту күнүнө үч маал колдонуу керек. Колдонуу убактысы бир жума.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!