“Бал тортун” жасоонун эң оңой жолу

“Бал тортун” жасоонун эң оңой жолу
24-Окт. 2019, Бейшемби, 10:42

Бардык балакайлар сүйүп жеген “Бал тортту” (медовик) үй шартында балдарыңызга жасап бериңиз.

Керектелүүчү азыктар

Жумуртка 4 даана

Шекер 200 грамм

Сода бир чай кашык

Өсүмдүк майы 2 аш кашык

Бал 2-3 аш кашык

Ун 250-300 грамм

Кремине

Сүт эки стакан

Шекер 4 аш кашык

Ун 2 аш кашык

Жумуртканын сарысы бир даана

Каймак (майлуулугу 30%) 200 мл

Алгач сүткө шекер, ун жана жумуртканы кошуп миксер менен аралаштырып аласыз. Кийин аны жай отко коюланганча бышырып аласыз. Ал эми өзүнчө мискейге каймакты салып, ага эки чай кашык шекер кошуп дагы миксер менен аралаштырасыз. Эми сүткө жасалган крем экөөнү аралтырсаңыз эле кремиңиз даяр. Бул кремдин аты “Пломбир” деп аталат.

Камырын даярдоо

Төрт жумуртканы чагып, ага шекерди кошуп миксер менен аралаштырып аласыз. Анын үстүнө бал, сода, өсүмдүк майын жана унду кошуп дагы бир ирет миксер менен аралаштырасыз. Даяр болгон камырды экиге бөлүп, 180 градуста ысытылган мешке салып он мүнөттөн ар бирин бышырып аласыз. Кийин ага пломбир кремин сүйкөп, эки тарабын жаңгактын майдасы менен кооздоп, муздаткычка 4-5 саат коюп коёсуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!