Мезгил алмашууда туура тамактанууга көңүл бөлүңүз!

Мезгил алмашууда туура тамактанууга көңүл бөлүңүз!
29-Окт. 2019, Шейшемби, 12:30

Эртең менен төшөктөн тура албай, алсырап, өзүңүздү чарчаңкы сезип жатасызбы? Анын себеби эмне болушу мүмкүн деп ойлонуп көрдүңүз беле?

Бул да болсо мезгилдердин алмашуусу таасир этиши мүмкүн. Ал үчүн туура тамактанып, иммунитетиңизди бекемдөө менен бирге жеңе аласыз.

Жаз айы бүтүп, күз мезгили башталганда аба сууктап, күн тийгендин ордун жамгырлуу, булуттуу асман каптайт. Мындай шартта бир гана туура, витаминдүү тамактануу менен гана ден соолугуңузду чыңай аласыз.

Иммунитетти бекемдеп, ар кандай ооруларга туруштук бериш учүн: курамы А,С,Е цинк, магний, Омега-3, Омега-6, Омега-9 витаминдерге бай азыктарды колдонуңуз.

Өзгөчө оливка майы жана кургак мөмө-жемиштерди колдонгон абдан пайдалуу.

Чай, кофе, какао суусундуктардын ордуна, иммунитетти бекемдөөчү ит мурун, көк чай жана шалфей чайларын колдонуңуз.

Кышында жөө басуудан жана чуркагандан коркпоңуз!

Аба сууктаганга байланыштуу, кыймыл-аракет дагы азайып, адамдарда салмак кошуу байкалат. Адистер кышта спорт менен машыгуу, жазгы машыгууга караганда алда канча натыйжалуу экендигин айтып келет. Мисалга, кыш айында спорт менен машыгуу зат аламшууну жакшыртып, дененин үшүбөй, ысык болушуна себеп болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!