Ар түрлүү маскаларды колдонуп дагы бетиңизге чыккан безеткиден арыла албай жүрөсүзбү? Анда туура тамактануу рационуна өтүңүз.

Таза суу

Газдалган суусундуктарды унутуңуз. Эгерде бетиңиз таза болсун десеңиз, күнүнө сегиз стакан таза суу ичүү керек

Оливка майы

Оливка майынын пайдасы абдан зор. Кандай гана тамак жасасаңыз, кадимки майдын ордуна оливка майын колдонуңуз

Көк чай

Көк чай организмдеги бош радикалдарды жок кылууга жардам берет. Аны менен катар картаюунун жана онкологиялык оорулардын алдын алат

Эт менен балык

Безеткиден арылуу үчүн белокко бай тамактарды колдонгон жакшы. Ал терини тазалап, дененин сымбаттуу болушуна жардам берет

Шпинат

Шпинаттын курамы-кератин, майлуу кычкылдар, антиоксиданттар, минералдар сыяктуу витаминдерге бай. Ал ичеги кызматын жакшыртып, бетти тазалоого кам көрөт.