Орусияда өткөн футбол чемпионаттында финалда ортого чуркап чыккан Pussy Riot активисттери 15 суткага камалды.“Лента.Ру” маалыматына караганда “Франция –Хорватия” беттешүүсүндө полиция формасын кийип ортого чуркап чыгышкан 3 кызды сот 15 суткага камоо чечимин чыгарды.

Алар “Милиционер оюнга катышат” аттуу акция уюштуруп, футболду токтотууга аракет жасашкан. Бирок 30 секундга жетпей кармалышып, оюн 2 мүнөттөй токтоп калган.

Финалдык беттешүүдө Франция курама командасы Хорватиядан 4:2 эсебинде жеңилген.