Парламент чек арадагы кырдаалды жабык талкуулап жатат

Парламент чек арадагы кырдаалды жабык талкуулап жатат
14-Март 2019, Бейшемби, 12:29

Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы кырдаалды парламент жабык эшик артында талкууламай болду.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн орун басары Алмазбек Абытов чек арадагы кырдаалды кароодо коопсуздук маселеси бар экенин билдирип, жабык эшик артында талкуулоо сунушун келтирди.

Төрага келип түшкөн сунушту добуш берүүгө коюп, жыйында отурган 75 депутаттын бардыгы макул болуп, журналисттер жыйындан чыгарылды.

Чек арадагы кырдаал боюнча баяндамачы болуп биринчи-вице-премьер министир Кубатбек Боронов дайындалды. Жабык эшиктеги талкууга тийиштүү мамлекеттик органдар да катышып жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды туруктуу деп баалап жатат. Расмий маалыматта Таш-Тумшук участогунда бир үй, “Аudi” үлгүсүндөгү бир автоунаа, “КамАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын бир чиркегичи өрттөнгөнү айтылат. Өрт өчүрүүчүлөрдү Тажикстандын жарандары кое бербей койгону да кабарланууда.

Ал эми 13-марттагы жаңжалда тажик жарандары Ортобоз айылындагы бир сарайды өрттөп салганын, ошондой эле Кыргызстандын бир жараны жарака алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жаткырылганын маалымадады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!