Өмүрбек Текебаев: Мен сени менен бактылуумун! (видео)

Өмүрбек Текебаев: Мен сени менен бактылуумун! (видео)
14-Март 2019, Бейшемби, 15:09

Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаевага арнаган куттуктоосун жактоочу Искен Афиджанов коомчулукка бөлүштү. Маалыматка караганда, аудио үн 2017-жылы ооруканада жатканда жаздырылып алынган.


“Туулган күнүң менен чын журөктөн куттуктайм! Сага чын ден-соолук, бакыт каалайм. Ар дайым маанайың ачык, көңүлүң жарык болсун. Сага жолуктурган жаратканга ыраазымын. Мен сени менен бактылуумун!” , – деп куттуктаган Текебаев.

Айгүл Текебаева: "Мен үчүн эн кымбат куттуктоо!", - деп баалаган.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданэкке жазган каты жарык көргөн.

"Ата-Мекен" фракциясынын мурдагы төрагасы, саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотто кайра каралмай болду. Сот отуруму 23-апрелге дайындалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!