Жолдошбаев: Сизге “Капиталисттик эмгектин баатыры” наамын бериш керек

Жолдошбаев: Сизге “Капиталисттик эмгектин баатыры” наамын бериш керек
24-Апр. 2019, Шаршемби, 11:51

Жогорку Кеңеште Өкмөт 2018-жылдагы иштери тууралуу отчет берип жатат. “Өнүгүү-Прогресс “фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге “Капиталисттик эмгектик баатыры” деген наам берилиши керектигин айтты.

Иштеген ишиңерди, отчетуңарды караганда абдан өсүш бар, колдойм. Бирок кээ бир министрликтер жок болсо, сизге сыйлык бериш керек экен. Мамэкотехинспекцинын, Саламаттык сактоо министрлигинин кээ бир бөлүмдөрүнө караганда сиздердин ишиңерге “Капиталисттик эмгектик баатыры” деген наам берип койсо боло экен да”, – деди Жолдошбаев.

Депутат Өкмөттун отчетун колдоп берүүнү да суранды.

“Урматтуу депуттар, мен отчетту колдоп берүүңүздөрдү сурайм. Чындыгында жылыш бар, иш бар экен, көрүнүп турат”.

Өкмөттүн азыркы курамы өзүнүн милдеттерине 2018-жылдын апрель айына баштап киришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР