Шыкмаматов митингдин катышуучусунан кечирим сурады (видео)

Шыкмаматов митингдин катышуучусунан  кечирим сурады (видео)
30-Апр. 2019, Шейшемби, 12:31

Кызыл-Омпол уран кенин казууга каршы өткөн митингде пикир келишпестиктиктер жаралган эле. Анда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов митингге катышкан Агзам Данияров аттуу жаранды “провакатор” катары сыпаттаган.

Агзам Данияров видео билдирүү жасап, өзү дарыгер болуп иштээрин жана уран темасын саясатташтырбоого чакырды.


Депутат Алмамбет Шыкмаматов аны “провакатор" деп жаңылып атап алганы үчүн кечирим сурады.

“Агзам, иним, мен уран боюнча да өзүн менен тилектешмин. Уранды казууну токтотуунун бир жолу, мыйзам кабыл алуу, башка жол жок. Митингдин да негизги ураанытез арада мыйзам кабыл алуу болчу. Ошондуктан уран казууну токтотуу боюнча мыйзам долбоорунун авторлорунун бири катары пикиримди билдирейин эле дегем. Сенин патриоттук сезимине таазим этем! Сени провокатор болушу мүмкүн деген божомолум үчүн сенден расмий түрдө кечирим сурайм! Аман бол, бар бол!

PS. Күч органдарынын да бул инциндентке тиешеси жок. Парламенттикиндей эле силердин да топурагыңар жеңил, түшүнүү менен кабыл алгыла катуу айтсам, ак чөп башта!” – деп жазды “Фейсбуктагы” баракчасына.

Учурда уранга каршы “ураандар” дагы деле уланып, "Жашылдар" партиясы Горький сейил багында митинг өткөрүп жатат.


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кызыл-Омпол уран кени боюнча жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынганын жана уран казуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганын кабарлады.

Депутаттар – Алмамбет Шыкмаматовдун, Алтынбек Сулаймановдун жана Канат Керезбековдун уран кендерин иштетүүгө жана чалгындоого 50 жылга мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, 2007-жылга чейин өлкө аймагындагы уран кендеринчалгындого жана казууга уруксат берилбейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)