Жанар Акаев: Чек арабыз улам тарып баратат деп кабатыр болуп жатышат

Жанар Акаев: Чек арабыз улам тарып баратат деп кабатыр болуп жатышат
2-Май 2019, Бейшемби, 10:27

Чоң-Алайдагы Карамык айылынын тургундары чек арабыз улам тарып атат деп кабатыр болуп жатышат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маселе көтөрдү.

“Биз, бир нече депутаттар бир эле Кара-Суу району эмес, Чоң Алайдын Тажикстан менен чектешкен жерлерине чейин барып, элден кабар алып келдик. Мен өкмөттү борбордон 1000 километр алыс жайгашкан Чоң-Алайдагы көйгөйгө көӊүлүн бурат элем.

Чек арага жакын Карамык айылында элдер кабатыр болуп жатат. Бизге катуу тапшырмаларды беришти. Биздин ата-бабабыз жашап келген чек арабыз улам тарып баратат деп айтып жатышат. Өкмөт тактап, түшүндүрүп, аныкталып, такталган жерлер боюнча түшүндүрүп койбосоңор, элде чоң кабатыр бар”,- деди Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева 26-27-апрелде Чоң-Алай районунда иш-сапар менен болушкан.

Депутаттар чек арадагы эң алыскы калктуу конуштардын бири Карамык айылына барып, Тажикстандын Жерге-Тал өрөөнү менен чектешкен чек ара тозотунда болушуп, коңшулар менен талаш болуп жаткан жайлоолорду өз көздөрү менен көрүп келишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)