Убактылуу кармоочу жай курорт эмес! ИИМ Атахановго жооп кайтарды

Убактылуу кармоочу жай курорт эмес! ИИМ Атахановго жооп кайтарды
22-Май 2019, Шаршемби, 17:53

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган Шамиль Атахановдун абалы менен таанышкан эле.

Анда Атаханов кармоодо медициналык күбөлөндүрмөдөн өткөрүшпөй эле убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлаган. Ал ошондой эле камерада төшөнчү жок экендигин айтып, прокуратурага арыз жазган.
Ал эми Ички иштер министрлиги Шамиль Атахановдун айткандарына жооп кайтарып, айтылган дооматтарды четке кагууда.

“Тилекке каршы, убактылуу кармоочу жай курорт эмес. Убактылуу кармоочу жайга алып келгенде жана камерага киргизүүдөн мурда кармалуучунун денесинде ар кандай жаракаттардын жоктугу текшерилет, андан сырткары нөөмөт кызматкери тарабынан ден соолугунун абалы суралат. Ден соолуктун начарлап кетиши же оору белгилерин байкаган учурда кызматкер тез арада тез жардам кызматын чакырат. Ошондой эле жактоочусу менен жолугушуу жөнүндө талабын аткарбай коюшкан деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Кармалуучу киргизилген камерада матрац жана эки одеял бар болгон, бүгүн болсо дагы бир одеял берилди. Даары-дармектерди жана жеке буюмдарды жумуш күнү саат 09:00дон 19:00го чейин берүүгө болот”, – деп билдирди ИИМ.

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 21-май күнү, экс вице-премьер-министр Шамиль Атаханов камакка алынды. Алгач ал ИИМге сурак берген соң Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалган.

Крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Эл өкүлү  Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Эл өкүлү Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Бек Борбиев
Бек Борбиев "Жаңы жыл жакшы ыр менен" аттуу концертин тартуулайт
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти