Экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетти

Экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетти
24-Май 2019, Жума, 14:45

Экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду. Ал кызматтан кетүүсүн өзүнүн дарегине айтылган сындар менен байланыштырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго Олег Панкратовду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.

Ушул эле күнү Айыл чарба министри Нурбек Мурашев да кызматын тапшырды.

Өкмөттүн азыркы курамы өзүнүн милдеттерине 2018-жылдын апрель айынан баштап киришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР