Матраимов: Сайматиге да, 250 млн долларга биздин тиешебиз жок

Матраимов: Сайматиге да, 250 млн долларга биздин тиешебиз жок
4-Июнь 2019, Шейшемби, 17:30

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” чыккан “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсү боюнча түшүндүрмө берди.

Искендер Матраимов билдиргендей, иликтөөдө аты аталган Саймати менен да, Бумаилиамуну менен да Матраимовдордун эч кандай байланыштары же алака-катнаштары жок. Ал эми сөз болуп жаткан акча каражаттар тууралуу ал буларга токтолду:

«Азаттыктын» маалыматтары боюнча чет өлкөгө которулган $ 250 млн. долларга да биздин эч кандай тиешебиз жок. Анан да, мен журналисттерди өздөрүнүн ырастоолорунда кыйла тагыраак болууга чакырууну каалайм. Иликтөөнүн автору Али Токтакунов «Бешинчи каналдын» берүүсүндөгү эфиринде которулган $700 миллион долларга же $250 миллион долларга биздин тиешебиз бардыгын эске албаганын түшүндүрдү. Чындап эле, алардын материалында ошол акчалардын бизге таандыктыгы жөнүндө да, акчалардын кылмыштуу жол менен табылганы жөнүндө да эч кандай жүйөлөр келтирилген эмес. Бирок коом азыр дүүлүгүп алды жана журналист өзүнүн материалында бар болгону боолгологон нерсенин баарына ишенет”, – деди И. Матраимов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, журналисттик иликтөөдө айтылган фактыларды текшерүүнү тапшырды.

“Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөө жасаган. Анда өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондогон акчалар жана анын Матраимовдорго тиешеси тууралуу сөз болгон эле.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Эл өкүлү  Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Эл өкүлү Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Бек Борбиев
Бек Борбиев "Жаңы жыл жакшы ыр менен" аттуу концертин тартуулайт
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти