Абылгазиев: Туризмдин өнүгүүсүнө күчтүү өбөлгө түзүү боюнча так көз караш болушу керек

Абылгазиев: Туризмдин өнүгүүсүнө күчтүү өбөлгө түзүү боюнча так көз караш болушу керек
7-Июнь 2019, Жума, 11:17

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков иштин негизги багыттары, учурдагы милдеттер жана уюмду өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди.

Кыргыз туризм мамлекеттик ишканасынын ишинин негизги багыттарынын арасында: өткөрүп берилген мамлекеттик туристтик объекттерди натыйжалуу башкаруу иштерин, туризм жаатында артыкчылыктуу долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууну, токой чарбаларынын аймактарында жаңы туристтик каттамдарды иштеп чыгууну, региондордо туристтик аймактарды түзүү үчүн келечектүү жерлерге мониторинг жүргүзүү жана талдоону, стандарттарды жана окутуу тутумун киргизүү аркылуу туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууну белгилеп кетүүгө болот. Маркетингдик борборду түзүү боюнча долбоордук сунушту даярдап койгонбуз»

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, туризм чөйрөсү кирешелүү болуп, бюджетти туруктуу түшүүлөр менен камсыздап жана аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүсү керек.

“Мамлекеттин бардык ресурстарын мобилизациялап, туризмдин өнүгүүсүнө күчтүү өбөлгө түзүү боюнча так көз караш болушу керек, жаңы туристтик багыттарды аныктап, жаңы бизнес-куралдарды киргизүү зарыл. Жашоочулар туризмди илгерилетүүгө активдүү катыша ала турган туристтик объекттер мүмкүндүккө жараша ар бир айылда түзүлүшү кажет. Өнүккөн өлкөлөрдө туризмдин үлүшү 12-13% жетет, бизде бул көрсөткүч 5% барабар. Бул көрсөткүчтү 7-8% чейин жеткирүүгө тийишпиз”.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча долбоордук сунуштарды бир айлык мөөнөттө сапаттуу иштеп чыгууну, уюмду каржылоонун бардык маселелерин чечүүнү тапшырды.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)