ИИМ: Шамиль Атахановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

ИИМ: Шамиль Атахановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү
8-Июнь 2019, Ишемби, 09:53

Крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү.

Ички иштер министрлиги маалымдагандай, 7-июнда тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.

“Жактоочусу менен бирге тергөө иштеринин жүрүшүндө Шамиль Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдирди. Мындан улам анын бөгөт чарасы өзгөртүлдү”, – деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Бирок анын үй камагына чыгарылганы жөнүндө маалымат беришкен жок.

Шамиль Атаханов 21-май күнү алгач ИИМге сурак берген соң Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалган.

Азиз Батукаев 2013-жылдын апрель айында «айыккыс дартка чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынды. Ал эми ошол учурдагы ЖАМКнын башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев кечээ, 8-июнда сурак берген маалда анын саламаттыгы начарлап, ооруканага түшкөнү кабарланды. Абалы оор экендиги айтылуууда.

Зарылбек Рысалиев буга чейин суракка чакырылыганда анын ден-соолугунун абалы начарлап кеткендигин айрым ЖМКлар жазып чыккан. Өзү бул маалыматтарды төгүнгө чыгарган:

Интернет сайттарда “Рысалиевдин жүрөгү кармап, жаман болуп жатыптыр” деген маалымат кетип жатат. Бул жерде жакшынакай эле турам. Тирүүмүн. Суракка барган эмесмин. Менин жүрөгүм кармап өлүп кала тургандай жөнөкөй киши эмесмин. Элге туура кабар берсеңер. Отуруп тур десеңер, отуруп турайын, отжимание кыл десеңер, отжимание кылайын. Эмне кыл десеңер кылып берейин. Ушундай маалымат жөнөткөн уят да?!”

Ушул эле иш боюнча Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева.да камалып, 22-майда үй камагына чыгарылган.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамиштов Батукаеввдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча кылмыш иши кайра жанданганын бышыктап, тиешелүү адамдар суракка чакыртыла турганын айткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!