ИИМ: Зарылбек Рысалиев камакка алынган жок

ИИМ: Зарылбек Рысалиев камакка алынган жок
8-Июнь 2019, Ишемби, 10:59

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев камакка алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка караганда, Зарылбек Рысалиев 7-июнь күнү, саат 10:00гө суракка чакырылган.

“Сурак 2 сааттан ашык созулуп, тыныгуу жарыяланган. Тыныгуудан кайткандан кийин ал өзүн жаман сезгенде “Тез жардам” кызматы чакыртылган. Ал атайын бейтапканага жеткирилди. Азыркы учурда дарыгерлдердин көзөмөлүндө”,- деп билдирди ИИМ.

Айрым интернет сайттар Зарылбек Рысалиевди камакка алууга прокуратура тарабынан проткол түзүлгөнүн, аны укканда ден-соолугунун абалы начарлап кеткенин жазып чыгышкан.

ИИМ Зарылбек Рысалиев сурак учурунда тергөөчүнүн кабинетинде ден-соолугунун абалы начарлаганы, ошондой эле 48 саатка камакка алынганы, ооруканада конвойдун кооштоосунда жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Крим төбөл Азиз Батукаев абактан бошогон жылы Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган.

(Сүрөт: AKIpress)
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР