Шыкмаматов: Атамбаевди “улут атасы” деген киши башкача сүйлөп жатат

Шыкмаматов: Атамбаевди “улут атасы” деген киши башкача сүйлөп жатат
12-Июнь 2019, Шаршемби, 13:51

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун парламентке чыгып алып Алмазбек Атамбаевдин ишин сынга алганы туура эмес.

Мындай пикирин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

"Ушул жерде Текебаев Атамбаев-Атамбаев болуп турганда: “Жоопко тарталы, узурпация кылды, кылмыш кылды. Парламент, элита сынбасын, эл сынбасын, Конституция сындасын”, – деп жатканда Иса Өмүркулов чыгып: Эмне деп айтып жатасың? Ал деген биздин “улут атасы”,– деген. Бүгүн 180 градуска бурулуп, башкача сүйлөп жатат. Мен Атамбаевди коргогон жокмун. Мен болгону Иса Өмүркуловдун чыгып айтканы туура эмес деп жатам".

Иса Өмүркулов парламенттен Атамбаевди “өзүнүн эгоисттик позициясын таңуулап жатат” деп сынга алган.

Өмүркулов Шыкмаматовдун билдирүүсүн жоопсуз калтырган жок. “Мен сенден сүйлөймбү же сүйлөбөйбү, уруксат сурабайм”, – деди ал.

"Биринчиден, мен сенден сүйлөймбү же сүйлөбөйбү, уруксат сурабайм. Экинчиден, ошол мезгилде баррикада-митингдерде сен дагы, мен дагы, Текебаев дагы баарыбыз чогуу жүргөнбүз. Анын президент болуп шайланышына сенин да, Текебаевдин да салымы бар. Ал бийликке келгенден кийин колдодук да. Өзүң да колдободуңбу? Берген сунуштарын колдодук, фракциянын жетекчиси катары колдодук. Бирок мөөнөтү бүткөндөн кийин эмне болгонун көрүп жатабыз да".

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттарды “чимкириктер” деп айтканына нааразы болушуп, анын айткан сөздөрүнө укуктук баа берилиши керек деп айтып чыгышты.

Алмабек Атамбаев тарапташтары менен бирге 8-июнь күнү "Медиа-Форум" ишканасынын алдында митинг өткөргөн. Ал жерден Атамбаев: “Мен сүйлөбөгөндө анан чимкириктер сүйлөмөк беле?” – деп айткан эле.

Сүрөт: Азаттык

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!