Жанар Акаев: Жыгылганды тепкилеген мен үчүн жигиттикке жатпайт

Жанар Акаев: Жыгылганды тепкилеген мен үчүн жигиттикке жатпайт
20-Июнь 2019, Бейшемби, 14:16

Жыгылганды тепкилеген мен үчүн жигиттикке жатпайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин трибунасынан сүйлөп жатып айтты.

Ал депутаттарга кайрылып, эгер парламент өз убагында мыйзамсыз иштерге каршы турса, азыркыдай окуялар болбойт эле дейт:

“Мен Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда бардык каталарын бетине айткам. Бирок ал азыр президент эмес, күчүн жоготкон. Баарыңар үчүн жооп бере албайм. Бирок азыр жыгылганды тепкилесем, жеке мен үчүн жигиттикке жатпайт. Кыргызстанда болуп жаткан бардык мыйзамсыз иштерде парламент чечүүчү учурда ушундай чогулуп, бир муштумдай түйүлүп адилетсизидкке каршы күрөшсө, ушуга окшогон окуялар болбойт эле. Парламент чогулуп, азыркы Атамбаевге чабуул жасап аткан чабуулду бардык мыйзамсыз иштерге жасашыбыз керек. Ошондо биз өзүбүздүн накта эл өкүлчүлүк милдетибизди аткарган болобуз. Мындан ары президентке жардам беребиз, анын саясатын колдойбуз десек, ага жаңы Икрамдарды, жаңы Манас Арабаевдерди, Абдил Сегизбаевдерди жаратпашыбыз керек”

Жанар Акаев ошондой эле бирөөнүн көрсөтмөсү менен камоо – кийин жаман өнөкөткө айланышы мүмкүн экенин эскертти:

“Алмазбек Атамбаев президент болуп турду. Батукаевдин чыгарылганы качан? Бирок ушул трибунадан президент болуп турганда Батукаевдин маселесин карап, өзүн ушул жерге чакырып суракка алсак болмок. Шамиль Атаханов көрсөтмө берди деп жатабыз. Буга чейин Орусиялык бир шылуундун (Леонид Маевский) жөн эле көрсөтмөсү менен белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевди камакка алды. Эми Шамиль Атаханов, дагы бирөөсү көрсөтмө берип турат. Бул бизге өтө жаман прецедент түзүлүп калышы мүмкүн, кийин жаман өнөкөткө алып келет. Атамбаевге жеке таарынуудан, өч алуудан өйдө болушубуз керек. Ал мурда "антип койду, минтип койду» деген башка маселе, системалык жактан алганда өтө жаман өнөкөт болуп, кийин ар бирибиздин өзүбүздүн башыбызга келбесе экен деген тилек”

Бүгүн, 20-июнда парламент “Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу жана ага күнөө коюу” маселесин карап жатат. Атайын комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев депутаттык комиссиянын корутундусун алып чыкты.

Демилгелүү топтун күнөөлөөсүндө Алмазбек Атамбаев президент болуп туруп, бийликтин бардык бутактарын өзүнүн кызыкчылыгына пайдалануу менен уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү, Жогорку Кеңештин депутаттарын, судьяларын, коомдук ишмерлерди, ошондой эле журналисттерин анын режимине каршы чыккандыгы үчүн куугунтукка алып, репрессияга туш кылгандыгы көрсөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР