Түштүк Кореянын премьер-министри Кыргызстанга келет

Түштүк Кореянын премьер-министри Кыргызстанга келет
20-Июнь 2019, Бейшемби, 15:30

Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Бейшемби күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түштүк Кореянын элчиси Ха Тэ Ёкту кабыл алган.

Бул жолугушууда премьер-министрдин июль айында Кыргызстанга келе турган сапары талкууланды.

Эки тарап тыгыз иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, сапардын алкагында уюштурулуп жаткан бизнес-форумду өткөрүү тартибин сүйлөшүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!