Президент: Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл

Президент: Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл
24-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 16:22

Бүгүн, 24-июнда, президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн ишкердик коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Отурумда өнөр жайды өнүктүрүүнүн азыркы абалы жана келечегин изилдөөнүн жыйынтыгы, жеңил өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечеги, кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маселелер каралды.

Сооронбай Жээнбеков бизнес-коомчулуктун бардык көйгөйлөрүн жана каалоо-тилектерин угуп, булар тиешелүү мамлекеттик органдардын ишинде көңүлгө алынганын белгиледи. Ал кошумчалагандай, мамлекеттик органдар, анын ичинде укук коргоо органдары дагы өлкөдөгү ишкердикти жүргүзүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө аракеттерди көрүшү керек.

Мамлекеттик органдардын отчетторун анализдеп көрсөк, алардын ою боюнча, өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул отчетторго ылайык, бизнестин өзү өнөр жай менен алектенгиси келбегендей пикир жаралат.

Ошол эле убакта, биздин ишкерлерге жана чет элдик инвесторлорго жаңы өндүрүштөрдү ачууга, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө эмне тоскоол болуп жатканын сурамжылоо болду. Анда бизнесмендер жана ишкерлер, мамлекеттик органдардын пикирине дал келбеген көз караштарын билдирип жатышат. Ошондуктан, бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жатат.Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл”.

Талкуунун натыйжасында үстүбүздөгү жылдын күзүндө өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи отурумун өткөрүп, анда биринчи отурумдун жыйынтыктарын жана бизнестин башка тармактарынын көйгөйлүү маселелерин кароо чечими кабыл алынды.

Аталган комитет президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен түзүлүп, мамлекет жана бизнес-коомчулуктун ортосунда актуалдуу маселелерди чечүү максатында пикир алмашуу аянтчасы болууга багытталган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты