Алмазбек Атамбаевге коюлган айыптардын саны кыскарды

Алмазбек Атамбаевге коюлган айыптардын саны кыскарды
25-Июнь 2019, Шейшемби, 13:53

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп алып, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады деген айыптоого катыштыгы жок.

Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Ал эми экс-президентке коюлуп жаткан калган 5 айыптоодо кылмыш белгилери бар деген тыянак чыгарылган.

Комитет мүчөлөрү Башкы прокуратуранын корутундусун эске алуу менен Жогорку Кеӊештин кароосуна чыгаруу чечимин кабыл алышты.

Депутаттык комиссия “Алмазбек Атамбаев бир нече ири долборлорду ишке ашырууда коррупцияга жол берген, анын саясатына каршы чыккан коомдук ишмерлерди, журналисттерди куугунтукка алган. Бишкек ЖЭБ, Тарых музейин реконструкциялооду коррупциялык иштерге аралашкан” деген айыптарды койгон.

Ошондой эле экс-президенттин “Кой-таш” айылында салынган үйүнүн жерин да мыйзамсыз сатып алганы, ЖЭБге көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргогону" да комиссиянын корутундусунда камтылган.

Алмазбек Атамбаев депутаттардын айыптоосун “калп” деп баалап, өзү бир нече ирет соттун алдында таза экенин айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты