Президент: Балдардын гармониялуу өнүгүүсү – мамлекеттин артыкчылыктуу багыты

Президент: Балдардын гармониялуу өнүгүүсү – мамлекеттин артыкчылыктуу багыты
25-Июнь 2019, Шейшемби, 16:45

Балдардын гармониялуу өнүгүүсү – мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган улуттук форумда сүйлөп жатып билдирди.

“Балдардын саламаттыгы, эрте жашында өнүгүүсү, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты – абдан маанилүү багыттар. Эртеӊки күндүн талабына жооп берген инновациялык мектептер жана программалар ишке кирет. Ушул багытка инвестиция тарткан бардык тараптарды колдойбуз. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын тагдыры, алардын укуктарын коргоо жана адамдык кадыр-баркын сактоо – мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктары. Турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо, анын ичинде зордук-зомбулуктан сактоо, өспүрүмдөрдү коомго интеграциялоо — Өкмөт жана жергиликтүү бийликтин негизги милдети. Жыйынтыктап айтканда, балдардын гармониялуу өнүгүүсү — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат”.

Бул иш-чарага БУУнун балдардын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, экс-президент Роза Отунбаева, вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Элчиси Эдуард Ауэр, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Форумда актуалдуу темалар жана өлкөдө балдардын укугун касыз кылуу жана коргоо боюнча механизмдер талкууланып, аягында жыйынтыктоочу резолюция кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР