Жамшитов: Атамбаевдин тегерегиндеги иштер президенттин көзөмөлүндө

Жамшитов: Атамбаевдин тегерегиндеги иштер президенттин көзөмөлүндө
13-Авг. 2019, Шейшемби, 13:42

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде козголгон кылмыш иштер президент Сооронбай Жээнбековдун түдөн-түз көзөмөлүндө.

Бул туралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

“Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде козголгон кылмыш иштер президенттин көзөмөлүнө алынган. Ар бир кылмыш иш боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алуусун талап кылды. Эч кандай бирөөнүн кызыкчылыгын же өч алуу максатында кылмыштык куугунтукка тартууга жол берилбестиги боюнча катуу талап койду”, – деди башкы прокурор.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Кой-Таштагы үйүнөн колго түшүп берүүгө макул болгон. Учурда Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатат.

Бүгүн Алмазбек Атамбаевге бир нече оор беренелер менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!