Курсан Асанов: Өлкөнүн жана абийиримдин алдында акмын

Курсан Асанов: Өлкөнүн жана абийиримдин алдында акмын
14-Авг. 2019, Шаршемби, 09:10

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүнүн кызматтан алынышы боюнча билдирүү таратты.

Анда ал 7-8-августта Кой-Таштагы жана Бишкектеги окуяларга байланыштуу өлкөдө оор абал түзүлгөнүн, ИИМдин жеке курамынын күчү менен өлкө абалдын оорлошуп кетишинен сакталып калганын айткан:

Мен кызматтык милдетимди аткардым деп ойлойм. Жеке кызычылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мундирдин баркы жана генералдын сөзү мен үчүн курулай сөз эмес.

Бир канча жолу өлкө коркунучта болуп жатканда кызмат учурунда бетме-бет келдим. Андай убактарда мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууга күчүмдү да, өмүрүмдү да аяган жокмун. Мага байланыштуу маселенин баары ачыкка чыгат деп эсептейм. Өлкөнүн жана абийиримдин алдында мен акмын

Курсан Асанов ошондой эле өлкөдө укук тартибин камсыз кылып жаткан кесиптештерине, милиция кызматкерлерине ыраазылык билдирип: “Элиме мени колдогону жана түшүнгөнү үчүн алкыш айтамын”, - деди ал.

Кечээ, 13-августта ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялар, Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралар боюнча Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында “кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылды” жана “ишенимден кетти” деген негизде кызматынан бошотулган. Учурда кызматтык тергөөнүн жыйынтыгына юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Ал эми Курсан Асановдун орунда Памирбек Асанов дайындалганы белгилүү болду.

8-августта генерал-майор Курсан Асанов Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзүп, экс-президент багынып берүүгө макул болгон эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
Президент Абдыганы Эркебаев менен  Бахтияр Салиевди кабыл алды
Президент Абдыганы Эркебаев менен Бахтияр Салиевди кабыл алды