Райондук сот Карамушкинанын бөгөт чарасын тандады (видео)

Райондук сот Карамушкинанын бөгөт чарасын тандады (видео)
22-Авг. 2019, Бейшемби, 21:07

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын аныктап, 8-октябрга чейин үй камагына калтыруу чечимин чыгарды.

Депутат Жазык кодексинин "Барымтага алуу" беренеси боюнча шектелип жатат. Карамушкинанын жактоочусу соттун чечимине даттануу маселеси депутаттын өзү менен кеңешкен соң кабыл алына тургандыгын билдирди.
КСДП партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Кой-Ташта болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!