Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун иши каралат

Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
29-Авг. 2019, Бейшемби, 10:52

Бүгүн, 29-августта камакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун иши Биринчи Май райондук сотунда каралат. Соттук отурум сааат 14:00гө белгиленген.

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова соттон саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөнүн “Азаттыкка” билдирди.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, буга чейин чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго орус ишкери Леонид Маевскийден “1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан эле.

Сүрөт: 24.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!