Курсан Асановдун баласына издөө жарыяланды

Курсан Асановдун баласына издөө жарыяланды
29-Авг. 2019, Бейшемби, 11:47

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баласы Мухамад-Али Асановго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Анда айтылгандай, 8-август күнү Курсан Асанов далил буюмдарды кылмыш ишине керектүү документтерди Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн өзүнүн жан сакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу баласына берген.

Мындан улам Курсан Асановдун 22 жаштагы баласына кылмышка шектүү катары сырттан камакка алуу чечими чыгып, издөө жарыяланды.

Курсан Асанов “кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылды “жана “ишенимден кетти” деген негизде кызматынан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, учурда Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!