Текебаев: Бүгүнкү коомдук кырдаал сот реформасынын жүрүшүнө өбөлгө түзөт

Текебаев: Бүгүнкү коомдук кырдаал сот реформасынын жүрүшүнө өбөлгө түзөт
12-Сен. 2019, Бейшемби, 16:44

Бүгүнкү коомдук жана саясий кырдаал сот реформасынын жүрүшүнө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Сот системасы бир күндө эле оңолбойт. Сот эмес, биз, коом бир күндө оңолбойт. Кыргыздар муну эбак эле “жакшы болуу аста-аста” деп айтып коюшкан экен. Ал үчүн мээнет, аракет керек. Жаман болуш үчүн мээнеттин да, аракеттин да кереги жок. Мен ойлойм, коомдук кырдаал, саясий кырдаал сот реформасынын жүрүшүнө өбөлгө түзөт. Соттун адилеттүү иштешине, жок дегенде биздин ишибизде адилеттүү болуп, мыйзамды сакташына түрткү берет”, – деди Текебаев.

Ал эми айрым саясий эксперттердин “Текебаевдин иши атайын создуктурулуп, шайлоого катыштырбоо аракети жүрөт” деген жоромолдоруна мындайча жооп берди:

“Кылмыш-процессуалдык кодексинде мөөнөттөрү аныкталган. Эки айдын ичинде сот ары же бери кылыш керек. Буга ишениш кыйын. Анткени, кийинки соттук отурумду дээрлик 20 күнгө жылдырып койду. Убагында жумасына төрт жолу карап, эртең менен саат 9:00дөн баштап түнкү 22:00гө чейин карап, ушул эле райондук соттун судьялары шашышкан”.

29-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды үй камагына чыгарган. Бүгүн алардын иши кайра каралып, соттук отурум 1-октябрга калды.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, буга чейин чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган.

Текебаев менен Чотоновго орус ишкери Леонид Маевскийден “1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан эле
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты